Лос– Анжелес шаарынын прокуратурасынын билдиргенине караганда, айтылуу ырчынын жеке дарыгери болуп иштеп келген Конрад Маррей бүгүн кечке жуук бийликтердин колуна түшүп берүүгө макул болду. Маалыматтарга караганда, ага этиятсыздыктан же шалаакылыктан улам атайлап эмес өлтүрүү деген расмий айып коюлган жатат. Поп -музыканын айтылуу жылдызы Майкл Жексон былтыр 25- июнда, 50 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Врачтар ырчы уктоого жардам берүүчү пропофол деген дары ашыкча дозада сайылганынан улам каза тапты деген тыянакка келишкен.