Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Ирактагы бомба чабуулдан кеминде отуздай адам каза тапты


Окуя кечээ Ирактын ыйык деп эсептелген Кербала шаарында болду. Бомба салынган эки автоунаанын жарылуусунан, полициянын маалыматына караганда, бери дегенде 30тай киши өлүп, дагы ондогондору жаракат алды. Кербалага кечээ жүз миңдеген, анын ичинде Ирандан да келген шийит зыяратчылары Арбаин деп аталган диний жөрөлгөнүн эң соңку жана маанилүү күнүнө чогулушкан эле. Зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ирак өкмөтү шаарда 30 миңдей аскер да жайгаштырган болчу. Бул жөрөлгөнүн учурунда шийиттер Мухаммед пайгамбардын жетинчи кылымда курман болгон небереси имам Хусеинди эскерүү үчүн анын Кербаладагы күбөзүнө келишет.

Кечээ ошондой эле Пакистандын Карачи шаарында жанкечтилердин эки жардыруусунан 22 адам каза таап, 70 тей киши жаракат алды. Ал жерде да бутага диний жөрөлгө өткөрүп жаткан шийиттер алынган.

XS
SM
MD
LG