НАТОнун күтүлүп жаткан ири операциясын утурлай, маалыматтарга караганда, талип согушкерлери да бул провинциядагы таянычтарын бекемдөөдө. АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын сөзүнө караганда, Маржа деген шаарды кайра алуу боюнча операция талип согушкерлерине ооган өкмөтү көзөмөлдөгөн аймак кеңейип жатканынын көзгө сайып көргөзмөкчү. Ал эми Талибандын ошол аймактагы командачысы Абдулла Насраттын Рейтердин кабарчысына айтканына караганда, алардын 2000дей согушкери кашык каны калганча салгылашууга даяр турат. Күтүлүп жаткан уруштан улам, кабарларга караганда, жүздөгөн тургундар Маржа шаарын таштап кетишти.