Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Алайда Исаковдун тарапкерлери кысымга алынууда


И. Исаковду коргоо комитетинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, кечээ райондук милиция бөлүмүнө Коңур-Дөбө айыл округундагы Исаковду коргоо комитетинин лидери Мамасалы Сатыбаевди алып келип камашып, эки жарым саат суракка алышкан. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча милиционерлер М. Сатыбаевди “И. Исаковдун сотто сүйлөгөн сөзү жазылган видеотасманы эмне үчүн элге көрсөтөсүң?” деп опузалашкан.
Бул окуя боюнча райондук жана облустук милициядан маалымат ала алган жокпуз. Ал эми Алай районунун акими Алмазбек Осмонов мындай маалыматы жоктугун билдирип, териштирип көрүүгө убада берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG