Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Сот Жекшенкулов ишин кароону 12-февралда улантат


Экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун сот иши боюнча бүгүн Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды. 8-февралга белгиленген сот адвокат Нина Зотованын отурумга келбей калганы үчүн уланбай калды. Бул күнү айып коюлган тарапты суроо улантылмак. 2-февралдагы отурумда айыпталуучулардын катарында Аликбек Жекшенкулов сурак берип, өзүнө каршы коюлган айыптарды негизсиз деп билдирген.
Аликбек Жекшенкуловго Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо Кытай грантын максатсыз жумшаган, ага таандык тапанчадан атылган октон түрк ишкери өлтүрүлгөн деген айып тагылууда. Аны менен кошо сотто түрк ишкерин өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталган үч жигит, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин имаратын оңдоодо мамлекеттик каражаттын максатсыз жумшалуусуна тиешеси бар деп эсептелген министрликтин дагы эки кызматкери жооп беришүүдө.

XS
SM
MD
LG