Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Республикалык аскер соту И. Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызын карайт


И. Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров мурдагы коргоо министри И. Исаковго карата Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан чыгарылган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Республикалык аскер сотуна кайрылган. Адвокаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча сот ачык болот, ага бейөкмөт жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышуусу күтүлүүдө.
Белгилүү болгондой 11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна менчиктеп берген деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан. Сотто И. Исаковдун уулу Руслан Исаковдун 1998-жылдан бери аскер офицери экендиги, батир И. Исаков министр кезинде эле кайра мамлекетке кайтырылып берилгени эске алынган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG