Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Нарын шаарынан Ынтымак курултайына делегаттар шайланды


10-февралда Нарын шаарынын жергиликтүү жамааттарынын VI Курултайына 500 делегат шайланып, жыйынга 429 делегат катышканы айтылды. Ынтымак курултайга делегаттарды тандоо эркин алкакта өткөрүлүп, бирок ондун айланасында талапкерлерди көрсөтүү сунушу жактырылды. Натыйжада 12 талапкердин ысымдары аталып, алардын бирөө - Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов талапкерлигин алып таштады. Жыйынтыгында «Жаш Данакер» коомдук уюмунун мүчөсү Улан Мурадилов, Демократия жана жарандык коом коалициясынын Нарын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эркин Асаналиев, НМУнун ректору Алмаз Акматалиев Курултайга делегат болуп шайланышты. (KUs)

XS
SM
MD
LG