Жогорку Кеңештин спикери Зайнидин Курмановдун төрагалыгында бүгүн өткөрүлгөн Координациялык кеңештин жыйынында 18-19-февралда парламент отурумунда каралуучу маселелер аныкталды. 18-февралда “Улуттук банк жөнүндө”, “Соттордун макамы” жана башка мыйзам долбоорлору каралат. Ал эми Башкы прокурордун өткөн жыл боюнча баяндамасы 19-февралда угулат. Координациялык кеңештин отурумунда айрым депутаттар өкмөттүн жазгы айдап-себүү иштерине даярдыгын ушул айдын соңунда угууну сунушташты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)