Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Исаковдун тарапкерлери митингге чыгышты


Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына 100 чамалуу киши чогулуп, мурдагы коргоо министри И. Исаковду актоо талабын коюп жатышат. Бул тууралуу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда нааразылык иш-чарасына райондун ар кайсы айылдарынан кишилер келип катышууда. Райондук бийлик бул иш-чарага карата мамилесин билдире элек, пикетке 50гө жетпеген киши катышып жатат деген пикирин акимчиликтин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматтарга караганда бүгүн Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров Алайда жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG