Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

Агронасыяларды убагында төлөгөндөргө артыкчылык берилет


Мындай сунушту карап көрүүнү Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борборунун жетекчиси Максим Бакиев чакан насыя берүүчү “АУБ-агро” компаниясына сунуштады. Ага ылайык айыл чарба иштери үчүн мамлекеттен насыя акча алып, аны максаттуу пайдаланып, белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей кайра төгүп берген адамдар үчүн андан ары дагы артыкчылык берүү туура. М.Бакиев жетектеген борбордун алдында түзүлгөн чакан насыя берүүчү компания 15-февраль күнү 60 миң сом өлчөмүндөгү алгачкы насыяны Араван районундагы балчелекчиге берди. Аталган компаниянын жетекчиси Вячеслав Рожковдун маалыматы боюнча ушул тапта ишкананын Оштогу мекемесинде дагы 10 кишинин насыя берүү өтүнүчү менен кайрылган арызы каралып жатат, деп билдирет Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин басма сөз кызматы. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация борборунун алдында түзүлгөн “АУБ-агро” компаниясы тарабынан быйылкы жылы дыйкандарга насыя акча күрөөсүз берилери тууралуу маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG