Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Бишкектик Н.Токтакунов кыргыз өкмөтүн дагы сотко берди


Бишкектеги райондор аралык сот шаар тургуну Н.Токтакуновду “энергия керектөөчү экендигин далилдеген” маалымат алып келүүсүн талап кылып, анын кыргыз өкмөтүн сотко берген арызын үч күн мурун кайтарып берген. Н. Токтакунов бүгүн кайрадан райондор аралык сотко кыргыз өкмөтүнүн энергетикага бааларды көтөрүү боюнча № 699 токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен, бирок бул жолу “энергия керектөөчү” деген сөз алынып салынган арыз менен кайрылды. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча буга сот үч күндүн ичинде жообун бериши керек. Мурда кабарлангандай Бишкек шаарынын тургуну, адвокат Нурбек Токтакунов кыргыз өкмөтүнүн энергетикага бааларды көтөрүү боюнча № 699 токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Н. Токтакунов ар бир эле шаар тургуну пайдаланган ысык суу, ысынган жылуулук болбосо да, электр энергиясы үчүн төлөп жаткан соң, өкмөттүн бул токтомуна каршы чыгууга укуктуу деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.
Энергетиканы кымбаттатуу боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен бүгүн дагы бир шаар тургуну Виктор Самохвалов да Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылды.
Д. Үсөнов жетектеген кыргыз өкмөтү өткөн жылдын 11-ноябрында 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын баасын 2 эсеге, ысык суу менен жылуулуктун баасын 5 эсеге көтөрүү, ал эми 2010-жылдын 1-июлунан тартып электр энергиясынын 1 кВт саатын 1 сом 90 тыйынга, ал эми жылуулук менен ысык суунун 1 ГКаллын 10 эсеге кымбаттатуу тууралуу токтом чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG