Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

К.Кадыров Швецияда СДПнын курултайында кайрылуу жасайт


Учурда Швецияда баш калкалап жүргөн Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров “Азаттыкка” берген маегинде Швециядагы Социал демократтардын жумушчулар партиясынын чоң курултайында Кыргызстандагы саясий абал боюнча кайрылуу менен чыгаарын маалымдады.

Маегинде К.Кадыров: "Кыргызстандан кетпейт болчумун, анын себеби, президент өзү айтыптыр : «бул баланы токтотпосоңор элди көтөрүп ийет экен» деп. Мен сөзүм кургак болбош үчүн Бишкектен билдирген адамдарды айтып коюшум керек. Бакиевдин Коопсуздук кызматындагы баласы Марат Бакиев Балыкчы сотунда ишти карап жаткан судья Дүйшембиевди Бишкектеги сот департаментине акча бөлүштүрүп жатабыз деген шылтоо менен чакырып буйрук бериптир,"Балыкчы окуясы менен камалып отургандар соттолсун, биз Кадыровду камап беребиз” деп. А ошол адамдар Бакиевдин бийлиги кетээр менен бул сүйлөшүүнү ачыктап бетине коюп беребиз деп жатышат”,-деген маегинде.

К.Кадыров Швецияда Кыргыздардын диаспорасы менен СДПнын партиясынын бөлүмүн түзүүнү, атайын маалымат сайтын ачууну пландаштырып жатканын, аны менен ал жерде журналист Сыргак Абдылдаев жана укук коргоочу Качкын Булатов кыргызстандык жарандарды иликтеп жатышканын белгиледи.

Ушул жылы 5-февралда Жогорку Кеңеш СДП фракциясынын эки депутаты, Бактыбек Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG