Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

ЖК Баш прокурордун отчетуна канааттандырарлык баа берди


Бүгүн парламент башкы прокурор Нурлан Турсункуловдун «Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталуу абалы» боюнча отчетун укту. Анда, өткөн жылы прокуратура кызматкерлери тарабынан жалпысынан 8772 текшерүү жүргүзүлгөнү, ар андай деңгээлдеги 6055 кызмат адамы тартипке чакырылып, адиминистративдик жоопкерчиликке тартылганы белгиленди. Ошондой эле мамлекеттик менчикке, жер, салык жана бажы мыйзамдарынын аткарылышы, ишкерлердин укугун коргоо маселелери боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын 3455 чечими жокко чыгарылганы айтылды. Н.Турсункулов укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 387 кызматкерине кылмыш иши козголгонун, коррупциялык кылмыш боюнча 349 кылмыш иши ачылып, жарандардын 18 миң 305 кайрылуусу текшерилгенин маалымдады.
Башкы прокурордун айтымында, Жогорку Кеңештин 2009-жылдын 24-апрелиндеги токтомун аткаруу максатында, 2008-2009-жылдары чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандан кароосуз калган балдарды асырап алуусу боюнча 206 жарандын иши иликтенип чыгып, бул боюнча бир катар мыйзам жоболорунун бузулгандыгы аныкталып, кылмыш иштери козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG