Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Социал-демократтар ИИМди реформалоо маселесин талкуулайт


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын бүгүнкү жыйынында Ички иштер министрлигинин Илим-изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров ИИМ органдары тууралуу жаңы мыйзам долбоор боюнча баяндама жасайт. Бул мыйзам долбоорду ИИМ былтыр жыл этегинде даярдаган. Жергиликтүү айрым укук коргоочулар милиция өз мыйзамын жаңылап ыйгарым укуктарын чоңойткону жатат деген кооптонууларын айтып чыгышкан. Ш. Мамыров “Азаттыкка” маек куруп, бул дооматтарды четке кагып, жаңы мыйзам долбоор даярдоо учурдун талабы экенин билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG