Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын отурумунда маалымдалды. СДП фракциясы бүгүн ЕККУнун Кыргызстандагы тартип коргоо тармагын реформалоо программасынын башчысы Евгений Черенковдун маалыматын укту. Черенковдун билдиргенине караганда 2006-жылга чейин ЕККУ ИИМ тармагына 5 млн. евро бөлгөн. Ал эми 2006-жылдан баштап жылына 80 миң евродон бөлүп, негизинен ал каражат кеңеш берүүчү, окутуучу долбоорлорго жумшалууда. СДП фракциясынын депутаттары ЕККУнун аталган долбоору максатына толук жетпей калды деген баасын беришти. (BuS)