Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

ЖК карыздар тууралуу мыйзам долбоорду өзгөртүү маселесин карайт


Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоор талкууланат. Долбоор боюнча Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев маалымат берет. Акыркы кабарларга ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы азыр эки жарым миллиард долларга жетти. 2007-жылы кыргыз өкмөтү тышкы карызы чоң жакыр өлкөлөр үчүн түзүлгөн эл аралык программа - ХИПИКке кирүү тууралуу сунушту четке каккан. Ошондо карызды жарым-жартылай элдин эсебинен жабуу тууралуу демилге көтөрүлүп, атайын эсеп ачылган. Эсепте азыр бар болгону бир миллион сомго жетпеген гана акча топтолгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG