Бул тууралуу Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн Бишкекте бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушунун мыйзамдуулук маселесин талкуулайт. Т. Үмөталиева азыр эл арасында жаралып жаткан нааразычылыктар бийликтин укуктук талаадан чыгып кеткендиктен улам болуп жатканын айтты. Өткөн жыл этегинде К. Бакиев башкаруу системасын жаңылоо программасына ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуш киргизген. Сунушту Жогорку Кеңеш жактырып Конституциялык сотко жөнөткөн. Сот корутунду чыгарып, президенттик администрация жойулуп, анын ордуна президенттик институттун пайда болушу жана өкмөттөгү айрым өзгөрүүлөр Конституцияга каршы келбейт деп белгиленген. Бирок Президенттик кеңешме аркылуу Президенттин милдетин аткаруучу танадалат деген жобо Баш мыйзамга каршы келет деп табылган. (EBM)