Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Украинада бүгүн жаңы президент кызматына расмий киришет


Кезинде премьер- министрлик кызматты аркалаган жана соңку жылдары оппозиция лидери болуп келген Виктор Янукович бүгүн парламенттеги салтанат учурунда ант берет. Салтанатка Евробиримдик, АКШ, Орусиядан жогорку даражалуу коноктор да катышмакчы. Украинанын төртүнчү президентинин кызматка киришүүсү өлкөдө саясий талаш –тартыштар уланып жаткан шартта өтүүдө. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Януковичке 3,5 %айрыма менен утулуп калган азыркы премьер- министр Юлия Тимошенко атаандашынын жеңишин тааныган жок. Тимошенко шайлоо жыйынтыгына макул эместигин билдирип, сотко арыз берген. Бирок өткөн аптада арызын кайра чакыртып алды. Украинанын жаңы президентинин ант берүү аземи Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до башталары белгиленген.

XS
SM
MD
LG