Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

АКШ "Жундалланы" колдойт деген кепти Мамдепартамент четке какты


23-февралда Дубайдан Бишкекке жөнөгөн учакты Ирандын тез учактары мажбурлап жерге кондуртуп, андан эки адамды алып кетишкен. Кийин алар Ирандагы “Жундалла” деген жикчи топтун лидерлери экени айтылды. Расмий Тегеран алар АКШдан колдоо алып, керек болсо, Американын Ооганстандагы аскердик базасында болгонун, ошол жерде жасалма ооган паспортун алганын билдирген. Бул маалыматты АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Салливан “болбогон кеп” деп четке какты.


"Бул “Жундалла” боюнчабы же Иран менен тиешеси бар кандай гана терроризм маселеси болбосун, ага АКШнын катыштыгы бар дегени – такыр акылга сыйбаган кеп. Кошмо Штаттары дүйнө боюнча терроризмге каршы аракеттерди жасап келет жана эч жерде терроризмди колдобойт", - деди Мамдепартаменттин өкүлү Жон Салливан.


Ал аралыкта Ирандын маалымат каражаттары “кармалган Абдумалик Риги “Американын Ооганстандагы аскерий базасында болгом, америкалыктардан колдоо алгам” деп, күнөөнү мойнуна алганын айтышты. Ал кандай шартта күнөөнү мойнуна алганы айтылган жок.


“Жундалла” Ирандагы Систан-Балучистан вилоятындагы белужи азчылыгынын укугу үчүн күрөшкөн сепаратисттик топ деп айтылып жүрөт. Ал соңку жылдары бир топ теракттарды жасаганын айткан.

XS
SM
MD
LG