Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Кыргыз чек арасында өзбекстандык үч киши кармалды


Сейдикум чек ара тобу Базар-Коргон районунун аймагында мал багуу мыйзамсыз экендигин эскерткенде, 28-февралда бул адамдар ага баш ийген эмес. Алардын чек арага чогула калган 20-30дай тууганы майор Бекешовдун тобун таш бараңга алып, каршылык көрсөткөн. Жаңжалды күчөтпөө максатында өзбекстандык үч адам кармалып, кечке жуук чек ара бекетине жеткирилип, 1-мартта Жалал-Абад облустук коопсуздук башкармасына тапшырылды. Алардын эч кимиси автоматтын кундагы менен токмоктолгон эмес жана райондук ооруканага жаткырылбаган. Үчөө тең өзбек жараны. Мындай маалымат бүгүн Чек ара кызматынын маалымат кызматкери Салкын Абдыкаировадан алынды.

1-мартка оогон түнү райондогу адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров чек арачылар мал баккан төрт адамды кууп, бирөө өзбекстандык болгон үч адамды кармаганын, кундак урулган киши Өзбекстанга суу аркылуу качып өтүп, кайра келип, Базар-Коргон райондук ооруканасына жаткырылганын кабарлаган. (YA)

XS
SM
MD
LG