Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Бир катар айыл өкмөт башчыларына кылмыш иши козголду


Чүй районундагы Искра айыл өкмөтүнүн, Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчыларына карата облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Аларга КР Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, 305-беренеси боюнча “кызматтык укугунан ашыкча пайдаланган” жана 305-2 берене боюнча “КР жер мыйзамдарын бузган” деген айып тагылууда. Жогорудагы жетекчилердин ишин текшерүү учурунда алар жарандарга турак-жай тургузуу жана башка максаттары үчүн жер участокторун мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатканын “Азаттыкка” кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG