Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Электр жарыгын өчүрүү 7-марттан тартып токтотулат


Бул маселе эртең, 5-мартта өкмөттүн жыйынында карала тургандыгын Энергетка министрлигинин басма сөз катчысы Татьяна Анкудович “Азаттыкка” кабарлады. Премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүнкү өкмөттүк жыйында Энергетка министри Ильяз Давыдовго ушул маселе боюнча токтом долбоорун даярдоону тапшырган. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 5-марттагы жыйында Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли, Бишкек ТЭЦиндеги көмүрдүн көлөмү жана республика боюнча электр кубатын пайдалануунун орточо көрсөткүчү боюнча да маалыматтар айтылаары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG