Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

“Ак шумкар” партиясы Ынтымак курултайынын алдында пикет өткөрөт


Бүгүн “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны болуп, анда бир катар чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык партиянын активисттери 23-мартта Ынтымак курултайы өтө турган жерде пикет уюштуруп, анда тарифтерди калыбына келтирүү, президенттен уулун жана бир туугандарын жогорку мамлекеттик кызматтардан четтетүү, Конституцияга ылайык келбеген органдарды жоюу, "Түндүкэлектрону", "Кыргызтелекомду" мамлекетке кайтаруу талаптары коюлат. Бул тууралуу партиянын лидери Темир Сариев билдирди. Партиянын саясий кеңешинин жыйынында ошондой эле 17-мартта уюшула турган элдик курултайга катышуу чечимин да кабыл алды. "Ак шумкар" партиясы Алай, Нарында элдин нааразылык акцияларын колдоп, эл менен бирге экенин да кошумчалаган.(AiT)

XS
SM
MD
LG