Мисирдеги Аль-Аскар университетинин башчысы Мохамед Саед Тантави 81 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду. Ал Сауд Арабияда диний жөрөлгөгө катышып жаткан жеринен жүрөгү кармаган. 1000 жылдык тарыхы бар Аль-Аскар мечити жана университети – сунни мусулмандардын башкы билим алуу жайы эсептелет. Мисирдин башкы муфтийи болуп он жыл иштеген улуу шейх Тантави соңку 14 жылдан бери Аль-Аскардын башкы имамы болуп келген.