Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Энергетиканын кымбатташына байланышкан соттук териштирүү жылдырылды


Бишкектеги райондор аралык сот Бишкек шаарынын тургуну Нурбек Токтакуновдун арызын кароону жоопкер тараптын сотко келбегенине байланыштуу 17-мартка жылдырды. Н. Токтакуновдун маалымдаганы боюнча бул жараянга катышып отурган пенсионерлердин нааразылыгын жаратты. Ал өкмөт атайын эле сотко катышпай жатат деген пикирде: “Энергетика министрлигинде өкмөттү жактай турган жалгыз эле юрист барбы? Менимче алар сотко атайылап эле келбей жатышат” дейт Н. Токтакунов.
Бишкек шаарынын тургуну, адвокат Нурбек Токтакунов кыргыз өкмөтүнүн энергетикага бааларды көтөрүү боюнча №699 токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
Д. Үсөнов жетектеген кыргыз өкмөтү өткөн жылдын 11-ноябрында 2010-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясынын баасын 2 эсеге, ысык суу менен жылуулуктун баасын 5 эсеге көтөрүү, ал эми 2010-жылдын 1-июлунан тартып электр энергиясынын 1 кВт саатын 1 сом 90 тыйынга, ал эми жылуулук менен ысык суунун 1 ГКаллын 10 эсеге кымбаттатуу тууралуу токтом чыгарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG