Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

А. Елисеев: Өнүктүрүү фонду 300 млн. долларды кайтарып берет


Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация фондунун жетекчисинин орун басары А. Елисеев Банкир.ру маалымат агенттигине берген интервьюсунда ушинтип билдирген. Анын айтуусунда Орусиядан алынган 300 млн. доллардын 286,3 млн. доллары кыргыз өкмөтү тарабынан аталган фондго өткөрүлүп берилген. Калган 13,6 млн. доллар карыздын алгачкы төлөмү катары Орусияга кайтарылып берилген. А. Елисеев Өнүктүрүү фонду Кыргызстандын каржы министрлигине 100 млн. доллардан ашуун үстөк пайыз төккөнүн, министрлик 15-марттан кечикпей аны орус тарапка төгүп берүүсү керектигин да айтып кеткен. Анын маалыматы боюнча өткөн жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна берилген 100 млн. доллардан тышкары акчалар Улуттук банктын, коммерциялык банктардын эсебинде жатат. Өнүктүрүү фондунун төрага орун басары Орусиядан грант түрүндө алынган 150 млн. доллар тууралуу маалыматы жоктугун белгилеген.
Өткөн жылы 3-февралда Москвада түзүлгөн кыргыз-орус келишимине ылайык Орусия Кыргызстанга 150 млн. доллар акчаны грант түрүндө, 300 млн. долларды жеңилдетилген насыя түрүндө берүүгө, ошондой эле биргелешип куруучу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 1,7 млн. доллар бермек болгон. Булардын ичинен Орусия 150 млн. доллар грантты жана 300 млн. доллар насыяны жарым жылдын ичинде берген. Жаңы жыл алдында Орусия өкмөтү Кыргызстанга берилген акчалар шектүү фонддордун колуна түшүп жок болгонуна нааразылыгын билдиргенин айрым маалымат каражаттары жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG