Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Элдик курултайга чакыруу таратып жүргөн кызды милиция кармап кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эрайым” коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова билдирди. Анын айтымында, “Ак өргө” конушунда жашаган Айнура Макенова деген кыз бүгүн оппозициянын курултайына чакыруу таратып жүргөн жеринен аталган жаңы конуштун Талант аттуу участкалык милициясы кармап Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Андан соң Ленин райондук прокуратурага жеткирилген. Ал жерден Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген. Укук коргоочулар азыр башкармалыктын алдында турат. Алар милициянын бул аракеттерин мыйзамсыз деп баалап, шаар мэри Нариман Түлеев өзү оппозицияга курултай өткөрүүгө Спорт ордосун менен Спартак стадионун сунуштаганын айтып жатышат. Ички иштер министрлиги азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG