Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Милиция “Форум” гезитинин бир нускасын калтырбай тартып алды


Буга эмне негиз болгонун маалымдалган жок. Өздөрүн тааныштырбаган милиция кызматкерлери кечээ гезиттин жаңы эле басмаканадан чыккан 7 миң нускасын ташып келе жаткан редакциянын үч машинасын кызматкерлер менен кошо камакка алып, алгач Бишкек ШИИБна, андан кийин Октябрь райондук ИИБна алып барышты. Ал жерден журналисттерди түшүнүк кат жаздыргандан кийин социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен чыгарып, бирок басылманы алып калышты. ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Рахматулла Ахмедов бул окуя боюнча кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Басылманын редактору Рыскелди Момбеков гезиттин тартып алынышын бийлик тараптан атайын жасалып жаткан иш деп баалады.

Акыркы бир жумадан бери “Азаттык” үналгысын уктурууга бут тосуулар болуп, "Белый парус", Центразия.ру, Фергана.ру сыяктуу электрондук маалымат каражаттары ачылбай жатканы белгилүү. УТРК аркылуу уктурулчу Би-Би-Си үналгысынын кечээ кечки сегиздеги уктуруусу да обого чыккан жок. Уктуруу милдетин алган тарап муну техникалык себептерге байланыштырууда. Бирок ошол эле күнү Би-Би-Синин кечки тогуздагы уктуруусу обого чыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG