Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:52

Нарындын Ленин көчөсүндө кыймыл токтоду


Нарындан Жаркын Ибраеванын маалымдоосуна караганда, Нарын облустук акимияттын алдына баш-аламан чогулган эл митинг өткөрүүгө камданууда. Чогулган элдин саны миңге чукулдап баратат. Ленин көчөсүндө эл көп болгондуктан автоунаа кыймылы токтоп калды. Милиция кызматкерлери жана ошондой эле атайын багыттагы милиция топтору азырынча байкоо салып турат. Митингди баштоо максатында үн күчөткүч жабдуулар акимияттын алдына орнотула баштады. Губернатор А.Акматалиев баш болгон бийлик башчылардын облустук театрда жыйын өткөрүү сунушу эл тараптан колдоо тапкан жок.(AiT)

XS
SM
MD
LG