Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Ошто “Азаттык” үналгысын коргоо комитети ишке киришти


Элдик кыймылдын Оштогу штабынын башчысы Абдыкайым Кангелдиевдин айтышынча, Ош облусундагы жана шаарындагы бир катар коомдук-саясий уюмдардын лидерлери топтолуп, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын талкуулашты. Алар өкмөтчүл массалык маалымат каражаттары бийликтин гана ырын ырдап жаткандыгын, элдин турмушу көңүл сыртында калгандыгын белгилеп, мындайда калктын көйгөйүн кеңири чагылдырган көз карандысыз “Азаттык” үналгысынын, ошондой эле бир катар гезиттердин чекесинен жабылышына катуу кабатырлангандыгын билдиришкен. Ошол себептүү аймакта “Азаттык” үналгысын коргоо комитети уюшулуп, бүгүндөн тартып анын уктурууларын жумурият боюнча калыбына келтирүүнү бийликтен талап кылган кол топтоо башталды. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик “Азаттык” үналгысынын уктурулаарын жандандырууну сүйлөшүү аркылуу чечүүгө болоорун айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG