Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:10

Ооган президенти Карзай башкы козголоңчу кыймылдын өкүлдөрүн кабыл алды


Хамид Карзайдын басма сөз өкүлү ооган президенти Кабулда согушчул Хезби-Ислами тобунун жетекчи өкүлдөрү менен жолугушканын ырастады. Маалыматка караганда, жолугушууда Карзайдын өкмөтүнө каршы согушуп келаткан башкы козголоңчу уюм менен ортодо тынчтык орнотуу жолдору талкууланган. Хезби-Исламинин делегациясын сүйлөшүүгө Ооганстандын мурдагы премьер-министри Кутбиддин Хелал баштап барды.

XS
SM
MD
LG