Орусия курамындагы республиканын мурдагы премьер- министри Рустам Минниханов бүгүнтөн тарта президент болуп калды. Ал президенттик антын Казан шаарындагы салтанатта татар жана орус тилдеринеде берди. 52 жаштагы Минниханов президенттик кызматта 73 жаштагы Минтемир Шаймиевди алмаштырды. Шаймиев республиканы 1991-жылдан бери башкарып келген жана бийликте эң узак турган лидерлердин бири. Орусиянын мыйзамдары боюнча өлкө курамындагы республикалардын башчылыгына талапкерди орус президенти көрсөтүп, анан алар аймактык парламентте бекитилет.