Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Москва: кармалган кыргыз мигранттар мекенине кайтарылган жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Анын айтымында, кармалган кыргызстандык мигранттар Москвада эски имратта жашап ошол жакта турак-жай коммуналдык чарбасында иштеп жүргөнүнө көп болгон. Көпчүлүгүнүн документтери жайында болчу. Р. Аттокуров 11 кишинин гана документтеринин мөөнөтү өтүп кеткенин, жергиликтүү миграциялык кызмат менен эки миң рубль айып пул төлөгөндөн кийин жумуштарын уланта берүү боюнча макулдашканын билдирди. 25-мартта “РИА новости” агенттиги Москвада элүүгө жакын кыргызстандык мигрант кармалганын жарыялаган. Расмий маалымат боюнча Орусияда беш жүз миңдей кыргызстандык мигрант бар, бейрасмий булактарга ылайык, алардын саны жумуш кычап турган убакта бир миллионго чейин барат. (EBM)

XS
SM
MD
LG