Серб парламенти шейшемби күнү кечинде кабыл алган декларацияда 1995-жылдын июль айында Босниянын Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркектин кырылышы айыпталуу менен катар курман болгондордун
үй-бүлөлөрүнөн кечирим суралган. Бирок анда1995-жылкы кандуу окуя геноцид катары бааланган жок. Документти бир күнгө созулган талкуудан кийин 250 орундан турган парламент 127 добуш менен бекитти. Евробиримдиктин кеңейүү маселеси боюнча комиссары Стефан Фюле серб парламентинин чечимин “Балкан чөлкөмүндөгү элдешүү үчүн маанилүү кадам”,-деп атады. Серб президенти Борис Тадичтин ырастоосунда, документти Сербия тышкы басымсыз эле өз алдынча кабыл алды. Учурда бийликте турган батышчыл коалиция декларациянын кабыл алынышы Сербиянын Евробиримдикке мүчө болуу аракетине жардам берет деп эсептейт. Ал эми улутчул күчтөрдүн серб парламентиндеги өкүлдөрү декларацияны “маскара кылган” жана “адилетсиз” документ катары четке кагышты.