Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:48

Эртең Чүйдүн үч районунда курултай өтөт


Бул туурасында жергиликтүү лидерлердин бири Калык Рүстөмов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, эртең Токмок шаар борборуна Кемин, Ысык-Ата, Чүй райондорунан келгендер, Беловодск айылына Москва, Панфилов, Жайыл райондорунан келгендер чогулат. Сокулуктуктар болсо район борборуна, Аламүдүн районунун эли Бишкек шаарында өтө турган курултайга келишет. Элдик курултайлар саат 11:00де башталат. Ал эми Курултайда негизинен өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, отун-сууга тарифтерди арзандатуу, үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө сыяктуу маселелер жана жергиликтүү көйгөйлөр көтөрүлөөрү күтүлүүдө. Бирок облустук администрациянын уюштуруу бөлүм башчысы К. Дыйканбаев, “Элдик курултай туурасында бир дагы маалымат түшкөн жок, курултайга эл чогулбайт. Себеби аймакта жазгы талаа иштери башталды”,- деп билдирди “Азатыкка”. (JJ)

XS
SM
MD
LG