Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Жалал-Абадда борбордук аянтта митингге миңден ашык адам чогулду


Митингди Элдик курултайды уюштуруу комитети өткөрүүдө. Аталган комитеттин облустагы өкүлү Нурбек Касымбековдун айтымында, митинг учурдагы саясий кырдаалды талкуулоо үчүн уюштурулган. Чогулгандар арасында бийлик алмашканын кубаттагандар дагы, президент Курманбек Бакиевди колдогондор дагы бар. "Азаттыктын" облустагы кабарчысынын маалымдаганы боюнча учурда кырдаал тынч. Жалал-Абадда түндө облус бийлиги алмашып, мурдагы облус губернатору Кошбай Мисровдун ордуна оппозиция өкүлдөрү Асан Шакировду дайындаган.(AiJu)

XS
SM
MD
LG