Кабарчыбыздын маалыматы боюнча ушул тапта Өкмөт үйүнүн алдына эки миңдей киши чогулду. Алар 7-апрелде шейит кеткендердин арбагына багыштап куран окуп, кан төгүлгөн жерге гүл коюшууда. Чогулган эл аза күтүүгө убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн эч ким келбегенине, жалпы куран түшүрүүчү киши чакырылбаганына нааразы.
7-апрелде Бишкекте бийликке нааразы болуп аянтка чыккан элге ок атылып, андан 75 адам каза тапкан. Бүгүн, эртең жалпы Кыргызстан боюнча 7-апрелде курман болгондорго аза күтүү жарыяланган.(ZKo)
7-апрелде Бишкекте бийликке нааразы болуп аянтка чыккан элге ок атылып, андан 75 адам каза тапкан. Бүгүн, эртең жалпы Кыргызстан боюнча 7-апрелде курман болгондорго аза күтүү жарыяланган.(ZKo)