“Ата-Бейит” мемориалдык комплексине 7-апрелдеги кагылышуудан курман болгон 16 адамдын сөөгү коюлат. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Роза Отунабева, Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Каныбек Иманалиев, Элмира Ибраимова, Токтайым Үмөталиева катышууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, каза болгондордун 54үн туугандары алып кеткен. (КЕ)