Маалыматка караганда, Казакстандагы «Мекен» кыргыз улуттук маданий борборунун мүчөлөрү 7-апрелде каза болгон мекендештерине ишемби күнү Алматыдагы Кыргызстандын консулдугунун алдында аза күтүү иш чарасын өткөрүп, каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүү максатында каражат топтоого киришти. “Мекен” кыргыз улуттук маданий борбору Казакстан элдеринин Ассамблеясынын курамына кирет. (AJ)