Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Авикомпаниялар 1,7 миллиард доллар чыгаша болду


Эл аралык авиатранспорт ассоциациясы маалымдаганына караганда, Европадагы авиакаттамдардын үзгүлтүккө учурашы тармакка бери дегенде 1,7 миллиард доллар чыгаша алып келди. Ассоциациянын аткаруучу директору Жованни Бизиньянинин айтымында, азыркы кырдаалдын масштабы 11-сентябрь теракттарынан кийин түзүлгөн абалдан да олуттуу. Шейшембинин кечинде Британия жана бир нече өлкө аба мейкинин ача башташты. Авикомпаниялар орто жолдо калган жүргүнчүлөрдүн бардыгын жеткирүү үчүн бир нече күн талап кылынаарын эскертишүүдө. Өткөн жумада Исландияда жанар тоо атылып, күл менен кошо чыккан майда күкүм учактардын моторуна кирип кетиши мүмкүн деген чочулоодон улам, Европа өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү аба мейкиндиктерин жабышкан эле. Анын аралыгында Исландия жанар тоо тынчый баштаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG