Бул туурасында бүгүн утурумдук өкмөттүн мүчөсү, сот, прокуратура жаатын көзөмөлдөгөн Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевди кармоо операциясын Улуттук коопсуздук кызматынын атайын тобу ишке ашырмак. Бирок айрыкча Жалал-Абад облусундагы тартип коргоо жана коопсуздук кызматкерлери арасында Бакиевдерге иштегендер бар болгондуктан, оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүүдөгү айрым маалыматтар сыртка чыгып кетип, кармоо операциясы үзгүлтүккө учураган. Учурда Ж.Бакиевдин жана анын калган бир туугандарынын кайда экени белгисиз. А.Бекназаров аларды издөө иштери улантылаарын билдирди.
Ал эми кечээ Коопсуздук кызматтын жетекчисинин мурдагы орун басары, Ж.Бакиев менен мурдагы Коргонуу министри Б.Калыевди кармоо боюнча операциясын жетектеген Артур Медетбеков маалымат жыйын өткөргөн. Анда ал аталган операциянын ишке ашпай калуусуна айрым саясатчылардын жасала турган иштер тууралуу жар салып жибериши түрткү болгон деп айткан. Анын айтымында, алар бул тууралуу ооз ачпай турушу керек эле.
Мурдагы президент К.Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев Башкы прокуратура тарабынан 7-апрелдеги кан төгүүнү уюштурган деп шектелип, ага издөө салынган. Ал он жетинчи апрелде агасы К.Бакиев өлкөдөн чыгып кеткен соң күч органдарына колго түшүп берем деп убада кылып коюп, качып кеткен. (AiJu)