Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Медет Садыркуловдун өлүмү үчүн соттолгон жигит киши колдуу болгон


“24.kg” маалымат агенттиги бүгүн укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме жасап кабарлагандай, Өмүрбек Осмоновго белгисиз адамдар 11 ирээт бычак сайып кетишкен. Окуя 18 – апрелге караган түнү эле орун алган.

Кыргызстандын жаза өтөө мекемелер боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров бир аз мурда “Азаттыкка “ бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Кыргызстандын оболу тергөө, андан кийин сот органдары президентти администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жол кырсыгынан улам каза тапты деген тыянак чыгарган. Бул окуя үчүн күнөлүү деп табылган Өмүрбек Осмонов былтыр июнда 12 жылга эркинен ажыртылган жана жазасын колония поселениеде өтөмөк. Соттун өкүм чыгарган отурумуна жабылануучулардын жакындары келген эмес.

Медет Садыркуловдун жана анын жанындагы эки адам: президент алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко менен айдоочу Кубат Сулаймановдун күйүп кеткен сөөгү былтыр 13 – мартта алардын өрттөнгөн автоунаасынан табылган. Утурумдук өкмөттүн өкүлдөрү мурдагы бийликтин тушундагы шектүү кылмыш иштеринин баары кайра караларын убада кылып келүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG