Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Москва: К.Бакиев туруксуз саясатчы экен


Убактылуу өкмөттүн өкүлү, каржы жаатын көзөмөлдөгөн Темир Сариев эки күндүк иш-сапары менен Орусияга барып келди. Иш-сапар учурунда мурдагы президент К.Бакиевдин акыркы билдирүүсү тууралуу Орусия президентинин администрация башчысы С.Нарышкин менен сүйлөшкөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Москва К.Бакивдин билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алганын, мурдагы президент муну менен өзүнүн туруксуздугун, терең ойлонбогон саясатчы экендигин дагы бир жолу көргөздү деген. “Ошондой эле орус тарап өлкөдө туруктуулук болуп, тез арада эл шайлаган мыйзамдуу бийлик орношун колдой турганын билдирди”,- дейт Т.Сариев

Кечээ мекенинде бийликтен кулатылган Бакиев Минск шаарындагы маалымат жыйыны учурунда кызматтан чегингенин тааныбай турганын, кызматтан кетүү арызын кысым алдында жазганын айткан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG