Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда Курултайда улуттук билим берүү системасын интеграциялоо, окутуунун программаларын жакындаштыруу, сапаттуу билим берүү маселелери талкууланмакчы. Кыргызстандан Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдырашев жетектеген делегация Астана шаарында 26-27-апрелде өтүп жаткан КМШ мугалимдеринин I курултайына катышууда. (AJ)