Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

АКШ Сирияга каршы санкциясын узартты


Санкциялардын мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Президент Барак Обаманын билдиргенине караганда, Дамаск террорчул уюмдарды колдоодо, ага катар ракеталык программасын жана массалык кыргын салуучу куралга ээ болуу мүдөөсүн токтото элек. Обаманын билдирүүсүндө белгиленгендей, Сириянын аракеттери азыр деле “АКШнын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана экономикасына коркунуч туудурууда”. Ошол эле учурда америкалык лидер Сириянын жетекчилиги өлкөнүн чек арасы аркылуу согушкерлердин Иракка кирүүсүн токтотуу ишинде айрым бир ийгиликтерге жетишкенин кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, Обаманын администрациясы Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жана Иракты стабилдештирүү аракетин бекемдөө үчүн Сирия менен мамилени жакшыртууну көздөгөн. Бирок соңку кездери АКШ Сирияны Ливандагы “Хезболла” тобунун согушкерлерин ракета менен камсыздоого умтулганы үчүн айыптап келди.

XS
SM
MD
LG