Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Макфол менен жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жактан туруктуулук маселесине токтолду. Р.Отунбаева Кыргызстандын Конституциясын жана шайлоо ситемасын реформалоо багытындагы Убактылуу өкмөттүн иштери тууралуу айтып, өлкөнү өнүктүрүү жана демократияга кайрылып келүү боюнча иш аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
Майкл Макфол Убактылуу өкмөттүн ишине оң баа берип, расмий Вашингтон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн коорднинациялык-маалымат борборунан кабарлашты. (AJ)