Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Жер басып алуучулар административдик жоопкерчиликке тартылды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 4-майда эртең менен саат 8де Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын жанында 100-150 адам чогулуп, айдоо аянтынан турак жай курууга жер бөлүп берүүнү талап кылышкан. Алар менен жергиликтүү бийлик жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 100гө чукул адам Аламүдүн ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Адамүдүн райондук сотунун чечими менен 47 адам 3 күндөн 15 күнгө чейин административдик камакка алынып, 19 адамга айып пул салынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG