Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

30 пайыздан көп шайлоочу келсе референдум өттү деп эсептелет


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары, Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал мурда референдум өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 50 пайыздан көбү катышыш керек болсо, Убактылуу өкмөттүн атайын Декрети аркылуу мындай чек жокко чыгарылганын айтты. Мындай чечим референдумду өткөрүүгө убакыттын аздыгы жана шайлоочулардын көбүнүн чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндүгүнөн улам кабыл алынган. Өмүрбек Текебаев ошондой эле көпчүлүк Убактылуу өкмөт сунуштаган Конституция долбоорун колдоп жатканын кошумчалады.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум ушул жылдын 27-июнуна белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG