Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетектөөчү адиси катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртең менен саат бештерде зилзаланын очогу Аксы районунун аймагындагы Кашка-Суу айылында болуп, күчү 5,5 баллга жетти. Кербен айылында 5 балл, Ала-Букада 4 балл, Таш-Көмүрдө 3 баллга жетти. Алдын ала маалыматтарга караганда урап кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян болгон эмес. (AJ)