Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев убактылуу өкмөттүн бүгүнкү чукул жыйынында мурдагы президент К. Бакиевдин тарапкерлери жана уулу Марат Бакиев Алматыдан туруп алып, Кыргызстандын түштүгүндөгү баш-аламандыктарды уюштуруп, каржылап жатканын айтты. Анын айтымында, Марат Бакиев Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковго жана бир катар депутаттарга 1 млн. доллар эсебинде акча бергенин маалымдады. Бакиевчилердин планы боюнча түштүктөгү үч облустагы бийлик колго алынгандан кийин, алар убактылуу өкмөттүн кетишин талап кылышмак. (EK)